Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-2020-жылдары КР Экономика министрлигинде бюджеттик каражаттардын рационалдуу эмес колдонулушу аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Экономика жан коммерция министрлигинин ишине натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити тууралуу отчётту карап, бекитти.

Аудиттин жүрүшүндө төмөнкүдөй каржы бузуулар аныкталды: 128,6 миң сомдук каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер;

Аудиттин материалдарында көрсөтүлгөндөй, мурунку аудиттин сунуштарына карабастан, бизнес-класстагы авиабилеттерди сатып алууга, бюджеттик каражаттарды сарамжалсыз пайдаланууга жол берилген, бул эконом-класстын билетинин баасынан 152,8 миң сомго ашкан.

Ведомствого караштуу Региондор аралык башкармалык мекемесинде “Эмгек акы” беренеси  боюнча чыгымдар сметасы менен төрт кызматкерге бир жолку сый акы жана материалдык жардам акча каражаттары негизсиз төлөнгөн.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы №849 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомун бузуу менен,   2019-жылы - 581,2 миң сом жана 2020-жылы - 330,6 миң сом суммасында сый акылар негизсиз төлөнгөн.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө сунуштамалар жөнөтүлдү.