Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын кызматкерлери эл каттоо жараянына катышты

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 2022-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлерин каттоого алышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 “Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө” токтомуна ылайык жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө каттоого катыша албаган кызматкерлерге уюлдук телефон аркылуу каттоодон өтүү мүмкүнчүлүгү берилди.