Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Лейлек районунун жергиликтүү бюджеттеринде 3,6 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

2019-2020-жылдар аралыгында Баткен областынын Лейлек районунун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 3 млн. 606,1 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  • курулуш-монтаж иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу – 2 млн. 246,3 миң сом;
  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 519,1 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды көбөйтүү – 350,3 миң сом;

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 3 млн. 87,0 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 534,2 миң сом кайтарылды.

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары жана резервдери 1 млн. 896,9 миң сом суммасында аныкталды.

Аудиттин жыйынтыгы менен Лейлек районун Тогуз-Булак айыл өкмөтүңдөгү аныкталган 1 млн. 688,8 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар боюнча жана Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктеги балдар бакчасынын мыйзамсыз сатылышы боюнча аудиттин материалдары, укуктук баа берүү үчүн Баткен облустук прокуратурасына жиберилди.