Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-жылга КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде аудит өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүндө, мекемелеринде жана аймактык органдарында бюджеттин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудит жөнүндө отчетту карап, талкуулады.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча жалпы 11 млн. 407,7 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен 3 млн. 731,0 миң сом калыбына келтирүү тийиш болсо, 663,3 миң сом калыбына келтирилген.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен ири суммадагы каржы бузуулар төмөнкүлөр:

- эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр 8 млн. 294,3 миң сомду түздү, анын ичинен 617,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 34,3 миң сом калыбына келтирилди. Алардын көбү штаттык кызматкерлерге компьютерде иштегендигине зыяндуулук үчүн эмгек акыга үстөк акы, сый акы, кызматкерлердин эмгек маянасына ашыкча коюмдарды берүүгө байланыштуу болгон.

- дебитордук карыздарды эсептен жашыруулар – 1 млн. 639,2 миң сомго аныкталган, анын ичинен 549,6 миң сому калыбына келтирилген.  

- акча каражаттардан жана материалдык баалуулуктардан жетишпестиги  1 млн. 131,7 миң сомго  аныкталды (ордуна коюлган жок).

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.