Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кочкор районунун жергиликтүү бюджеттеринде 4,6 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

2019-2020-жылдар аралыгында Кочкор районунун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча,

жалпы суммасы 4 млн. 651,3 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

 

Аудиттин жүрүшүндө, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  • материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 2 млн. 868,8 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды көбөйтүү – 954,5 миң сом;
  • курулуш-монтаж иштеринин көлөмүн жогорулатуу – 693,6 миң сом;

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 4 млн. 651,3 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 3 млн. 898,3 миң сом кайтарылды.

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары жана резервдери 5 млн. 877,0 миң сом суммасында аныкталды.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар - 2 млн. 979,5 миң сом.

Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө подрядчы “Алакан строй” ЖЧКсы тарабынан аткарылган “Шамшы айылына кичи футбол аянтчасын куруу” объектиси боюнча аудиттин материалдары Нарын областтык прокуратурасына жиберилген.

Аудит жургүзүлгөн мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.