Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Жети-Өгүз районунун жергиликтүү бюджеттеринде 10,7 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

2019-2020-жылдар аралыгында Жети-Өгүз районунун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 10 млн. 753,5 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  • материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 3 млн. 223,3 миң сом;
  • курулуш-монтаж иштеринин көлөмүн жогорулатуу – 3 млн. 504,3 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды көбөйтүү – 3 млн. 798,2 миң сом;

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 10 млн. 646,5 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 4 млн. 227,1 миң сом кайтарылды.

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары жана резервдери 3 млн. 909,3 миң сом суммасында аныкталды.

Ак-Дөбө айыл өкмөтүндөгү подрядчы “Малтабар” ЖЧК тарабынан аткарылган “Тилекмат айылындагы А. Алтымышбаев атындагы орто мектебинин жол төшөлмөсүн ремонттоо” объектиси боюнча аудиттин материалдары Ысык-Көл областтык прокуратурасына жиберилген.

Аудит жургүзүлгөн мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.