Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

А. Акматов ШКУ өлкөлөрүнүн Аудиттин жогорку органдарынын онлайн жолугушуусуна катышты

2022-жылдын 31-мартында видеоконференция форматында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ)  мүчө мамлекеттеринин Аудиттин жогорку органдарынын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу Пакистандын Башкы Аудиторунун Кеңсесинин төрагалыгы астында ШКУ мамлекеттеринин (Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия Федерациясы, Тажикстан, Өзбекстан, Индия) Аудиттин жогорку органдарынын жетекчилеринин катышуусу  менен уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов өзүнүн сөзүндө, жолугушуунун уюштуруучуларына аталган видеоконференцияны жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы ар тараптуу кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө тилектештигин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы ШКУ мүчө мамлекеттердин Аудиттин жогорку органдарынын өз ара аракеттенүүсүн регионалдык деңгээлде эл аралык ишмердүүлүктүн бирден бир негизги артыкчылыктары катары эсептейт. Бүгүнкү тажрыйба алмашуу - мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындыкты камсыз кылууда, бюджеттик каражаттарды чыгымдоодо, натыйжалуулукту жогорулатууда, мамлекеттик башкаруунун маанилүү куралы деген маселелерге жооп табууга өбөлгө болот.

Ошондой эле, онлайн жолугушууда А. Акматов 2018-2019-жылдарга ШКУ мүчө мамлекеттеринин Аудиттин жогорку органдарынын иш-планын аткаруу боюнча  КР Эсептөө палатасынын координациялык ишинин жыйынтыктары боюнча отчет берди. КР Эсептөө палатасы  көрсөтүлгөн мезгилде аталган ишмердүүлүк боюнча координатор болгон. Жогоруда көрсөтүлгөн планды ишке ашыруунун алкагында, Аудиттин жогорку органдары - Пакистан, Кытай жана Кыргызстан тарабынан социалдык коргоо тармагында бирдей натыйжалуулук аудити жүргүзүлгөн, ал  тажрыйба алмашууда өз ара аракетттенүүсүнүн мыкты тажрыйбасы жана аудиттин ыкмалары катары өзүн көрсөттү. Ошону менен бирге, ички жана глобалдуу жакырчылыкты жоюуга көмөк көрсөтүү максатында, жакырчылык менен күрөшүү боюнча натыйжалуулук аудитин жогорулатуу керек, себеби, ал жалпы өнүгүү үчүн көмөк көрсөтөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар талкуу жүргүзүшүп, “Сovid-19 менен күрөшүүгө багытталган чыгымдардын аудити”, “Туруктуу Өнүкгүрүүнүн Максаттарына жетүүгө Covid-19дун таасири” жана “Аралыктан аудит жүргүзүү” темалары боюнча тажрыйба менен алмашышты.

Тематикалык сессиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Зарылбек Сатаев “Туруктуу Өнүктүрүүнүн Максаттарына жетүүгө Covid-19дун таасири” темасында баяндама жасады. Баяндаманын алкагында, Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүүнүн максаттары мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары экендиги жана алар эки стратегиялык документтерде камтылгандыгы: 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын  өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында көрсөтүлгөн.

Видеоконференциянын жыйынтыгында Жолугушуунун протоколу жана 2022-2023-жылдарга ШКУ мүчө мамлекеттердин Аудиттин жогорку органдарынын кызматташтыгынын алкагында иш-чаралардын планы бекитилди.