Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-2020-жылдарга ӨКМге караштуу Матрезервдер фондусунда аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдар мезгил аралыгында Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунда бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетту талкуулап, кабыл алды.

Аудиттин жыйынтыгында кампалык жайлардын тиешелүү жабдуулары камсыздалбагандыгы аныкталды: өрткө каршы жана күзөт сигнализация тутуму иштебейт, жайларга талаптагыдай жарык берилген эмес. Дары-дармек каражаттарын сактоо үчүн муздаткыч камералары менен жабдылган атайын жайлар иштебеген абалда турат.

Мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк буудайы стратегиялык мааниге ээ жана республиканы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча, мамлекеттик резервдин корлорунун номенклатурасында өзгөчө орунду ээлейт.

Фондго буудайды сактоо жана иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүү кызматын, мамлекеттик резервдин жооптуу сактоочулар-ишканалар келишимдин негизинде көрсөтөт. Буудайды сактоо жана кайра иштетүү боюнча тарифтер 2013-жылдан бери өзгөртүлбөгөн.

Учурда, көптөгөн жооптуу сактоочулар буудайды сактоо жана кайрадан иштетүү боюнча тарифтин төмөндөгүнө шилтеме берип, кийинки жылдарга келишимдерди түзүүдөн баш тартышууда.

Алардын маалыматы боюнча, электр энергиясына болгон тарифтер (эки эсе), тетиктердин (3-4 эсеге) кымбатташына байланыштуу, элеватор, тегирмендерди тейлөөгө кеткен чыгымдар, ошондой эле эмгек акылар бир топ жогорулаган. Жыйынтыгында, жооптуу сактоочулардын иш-аракети зыян тарткан.

Дебитордук карызды төлөөгө кабыл алынган жана колдонулган мүлк, зайым келишимдердин негизинде жүргүзүлөт, ал 2000-2012-жылдар мезгилинде түзүлгөн. Түзүлгөн зайым келишимдерди аткаруу үчүн күрөө келишимдери түзүлгөн.

2008-2009-жылдары түзүлгөн дебитордук карызды төлөөгө алынган 3 автотранспорт каражаттарынын бузулган абалына, документтеринин жоктугуна байланыштуу, алар бир нече жылдан бери  колдонулбай, жыл сайын моралдык жана физикалык жактан баасы түшүүдө.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.