Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Аудиттин жыйынтыгы менен электр энергиясына болгон 897,3 млн. сомдук дебитордук карыздарды негизсиз эсептен чыгаруу аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2019-2020-жылдар аралыгына карата “Ош электр”, “Жалал-Абад электр”, “Түндүк электр” жана “Чыгыш электр”

ачык акционердик коомдорунда натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аталган ачык акционердик коомдорунда 2016-2020-жылдар мезгил аралыгына карата электр энергиясы үчүн керектөөчүлөрдүн негизги карыздарын, кошуп эсептелген пайыздарынын, туумдарынын, финансалык санкцияларынын өнбөс карыздарын эсептен чыгаруу маселеси боюнча тематикалык аудитти өткөрдү. Анын натыйжасында электр энергиясын колдонуу үчүн жалпысынан 897 млн. 288,5 миң сомдук дебитордук карыздарды негизсиз эсептен чыгарууга жол берилгендиги аныкталды. Анын ичинен, “Ош электр” ААКсы  - 254 млн. 78,2 миң сом, “Жалал-Абад электр” ААКсы – 121 млн. 896,3 миң сом, “Түндүк электр” ААКсы – 201 млн. 287,6 миң сом, “Чыгыш электр” ААКсы – 319 млн. 197,2 миң сом дебитордук карыздарды негизсиз эсептен чыгарууга жол берилген.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин чечими менен аудиттин жыйынтыктары боюнча отчеттор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана укуктук баа берүү үчүн, аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Ошондой эле, карыздарды негизсиз эсептен чыгаруу боюнча аталган фактылар Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында маалымдалган.