Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

А. Акматов Аудиттин жогорку органдарынын биргелешкен коллегияларынын отурумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов 2022-жылдын 25-февралында онлайн видеоконференция форматында Армения Республикасынын Аудитордук палатасынын, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин, Казакстан Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышын контролдоо боюнча 

Эсептөө комитетинин, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын коллегияларынын биргелешкен отурумуна катышты.

Жыйындын жүрүшүндө беш өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тыштан алынып келингендерге бажы алымдарынын (эквиваленттик таасирге ээ жыйымдар жана салыктар, жана башка алымдар) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды мүчө-өлкөлөрдүн бюджеттеринин кирешесине чегерүү тартиби жөнүндө Протоколду 2020-жылы аткаруунун жыйынтыктары, алардын Евразиялык экономикалык бирликтин мүчө-өлкөлөрдүн бюджеттеринин кирешесине эсептелиниши тууралуу маселелер талкууланды.

“Мамлекетик аудиттин жана контролдоонун жогорку органдары тарабынан уюштурулган биргелешкен контролдоо иш-чарасы Евразиялык экономикалык бирликте жалпы кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жардам берет жана биздин кесипкөй байланыштарды жана достук мамилелерди бекемдөөгө көмөк көрсөтөт” – деп, белгиледи А. Акматов.

Ошондой эле, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү катышты.

Коллегиялардын биргелешкен отуруму Казакстан Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышын контролдоо боюнча Эсептөө комитети тарабынан уюштурулган.