Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын аудити: Маммүлк башкаруу фондусунун ишинде 11,3 млн. сомго каржылык бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча Мамлекеттик  мүлктү башкаруу боюнча  фонддун (ММБФ) ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы  жөнүндө отчетту кабыл алды.

Аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган каржы бузуулардын жалпы суммасы 11 млн. 276,6 миң сомду түздү, анын ичинен аудиттин жүрүшүндө 4 млн. 686,1 миң сом кайтарылды.

Эң көп каржы бузуулары мекемеге караштуу мамлекеттик ишканаларда жана алардын филиалдарында аныкталган. Алсак,

ММБФга караштуу “Объектилерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасынын “Золотые пески” эс алуу борбору” филиалында төмөнкүлөр аныкталды:

  • кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча каражаттарынын кириштөөгөкиргизилбеген суммасы-502,8 миң сом (аудиттин учурунда 496,5 миң сом ордуна коюлган), эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз – 5 млн. 776,6 миң сом, бюджетке которууга тийиш ижара акысы – 881,2 миң сом, таштандыларды чыгаруу үчүн милдеттүү төлөмдөрдүн түшпөй калышы – 266,0 миң сом. Аталган фактылар боюнча аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилди.

Ошондой эле, “Ысык-Көл-Аврора” санаториясы” Мамлекеттик ишканасында төмөнкүлөр аныкталды:

  • бюджетке которууга тийиш ижара акысы – 3 млн. 921,2 миң сом, 2019-2020-жылдары таза кирешеден республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн которулбай калган суммасы – 3 млн. 855,0 миң сом.

Аудиттин материалдарында айтылгандай, ММБФ кирешелерин болжолдоо талаптагыдай денгээлде жүргүзүлбөйт. Мамлекеттик  мүлктү пайдалануудан жана дивиденддерди чегерүүдөн болжолдонгон келип түшүүлөр боюнча  жетиштүү далилдер жокко эсе.

Мындан тышкары,  ижарага берилген мамлекеттик  мүлк объектилери  жана жер участкалары боюнча  отчетторду эсепке алуу, каттоо жана берүү тутуму жөнгө салынган эмес, натыйжада, бюджет олуттуу жоготууга учурайт.  Ошондой эле, ижара акысынын толук жана өз учурунда төлөнүшүн көзөмөлдөө үчүн, катталган ижара келишимдеринин маалыматтар базасы түзүлгөн эмес. 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун финансылык отчеттуулугунда мамлекеттин бардык активдери (финансылык, финансылык эмес активдер, карыздар) ачык көрсөтүлгөн эмес.

Финансылык отчеттуулукка тиркеме катары негиздеме-маалымкатта төмөнкүлөр көрсөтүлгөн эмес:

  • акционердик коомдордун дивиденддери жана мамлекеттик ишканалардын таза кирешелеринен чегерүүлөр жөнүндөмаалыматтар;
  •  акциялардын саны жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун акцияларынын наркы, ошондой эле мамлекеттин мүлк активдеринин адилеттүү наркы жөнүндө маалыматтар.

Бюджетке дивиденддердин толук төлөнүшүн көзөмөлдөө боюнча иштер талаптагыдай деңгээлде жүргүзүлбөйт, таза кирешени алууга таасирин тийгизген, акционердик коомдордун башка кирешелерине талдоо жүргүзүлбөйт, деп айтылат отчетто.

ММБФга конфискацияланган жана мамлекеттин кирешесине ыктыярдуу негизде берилген объекттерди берүү боюнча бардык эле маалымат келип түшпөйт.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.