Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-2020-жылдары КМШнын Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын Өкүлчүлүгүндө аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдар мезгил аралыгына карата КМШнын Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө бюджеттин аткарылышына

натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту талкуулады.

 

Отчетто айтылгандай, аудит тарабынан Өкүлчүлүктүн ишмердиги бардык аспектилер боюнча тийиштүү мыйзамдык жана жөнгө салуучу нормаларга шайкеш келээри аныкталды.

Ошону менен бирге, кээ бир маселелер боюнча Эсептөө палатасы тарабынан мындан аркы ишмердүүлүктө кемчиликтерди болтурбоо үчүн Өкүлчүлүктү күтүүгө бюджеттик каражаттарды мезгилинде которуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине сунуштамалар жөнөтүлүп, аудиттин объектисине жазма буйрук жана сунуштамалар берилди.