Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-жылга “Альфа Телеком” ЖАКсында жүргүзүлгөн аудит мамлекеттик сатып алууларда мыйзам бузуулар болгондугун аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2020-жылга “Альфа Телеком” Жабык акционердик коомунда жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту талкуулады.

Аудиттин жүрүшүндө 721,5 млн. сом суммасында же 13% түшкөн киреше боюнча план аткарылбай калгандыгы аныкталды. 2020-жылга түшө турган киреше боюнча план 5,5 млрд. сом суммасында белгиленген. Факты жүзүндө план 4,8 млрд. сомго аткарылган. Жалпысынан алганда, COVID пандемиясына байланыштуу, карантиндик чектөөлөр жана калктын кирешелеринин төмөндөшү 2020-жылдын март айынан декабрь айына чейинки түшкөн кирешеге олуттуу таасирин тийгизген. 

“Альфа Телеком” ЖАКнын акционерлеринин жылдык отурумунда 2019-финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекетке 100% таандык болгон акцияларына 361 952 084,55 сом суммасындагы дивиденддерди республикалык бюджетке которуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Мындан тышкары, 2020-жылы кызматтарды сатып алуу жана көрсөтүү үчүн сатып алуулар боюнча адистер тендердик табыштамаларды баалоодо жана салыштырууда жеңүүчүлөрдү кошумча нарк салыгы боюнча катышуучулардын катарына кошушат. Ошондой эле, соодалашуу учурунда көрсөтүлгөн тендерлердин эң аз суммасын берген кошумча нарк салыгын төлөбөгөндөр болгон. Ушуга байланыштуу, жеңүүчү туура эмес тандалып алынгандыктан, “Альфа-Телеком” ЖАКнын каражаттарынын жоготуу суммасы 369,7 миң сомду түзгөн.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө сунуштамалар жөнөтүлдү.