Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ак-Талаа районунун жергиликтүү бюджеттеринде 525,2 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды

2019-2020-жылдар аралыгында Ак-Талаа районунун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 525,2 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, эң көп төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын жетпей калуусу – 200,0 миң сом;
  • курулуш-монтаж иштеринин көлөмүн жогорулатуу – 222,6 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды негизсиз көбөйтүү – 41,4 миң сом;

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары жана резервдери 485,1 миң сом суммасында аныкталды.

Рационалдуу эмес колдонулган каражаттар 435,2 миң сомду түздү.

Эсептөө палатасы тарабынан аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар, сунуштар жөнөтүлгөн.