Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Баткен районунун жергиликтүү бюджеттеринде 2,6 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

2019-2020-жылдар аралыгында Баткен районунун жана Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 2 млн. 608,9 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, эң көп төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды негизсиз көбөйтүү – 977,4 миң сом;
  • эмгек акыны негизсиз төлөө – 577,9 миң сом;
  • Социалдык фондго кошумча эсептөөлөр – 277,5 миң сом;
  • бюджетке салыктарды кошумча эсептөө – 254,4 миң сом;
  • материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 250,3 миң сом.

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары жана резервдери 440,3 миң сом суммасында аныкталды.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 2 млн. 31,0 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 788,2 миң сом кайтарылды.

Ошондой эле, Ак-Татыр айыл өкмөтү боюнча айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуудан түшө турган 1 млн. 495,4 миң сом өндүрүлгөн эместиги аныкталган.