Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Нарын районунун жергиликтүү бюджеттеринде 5,5 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

2019-2020-жылдар аралыгында Нарын районунун жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 5 млн. 459,8 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, эң көп төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды негизсиз көбөйтүү – 2 млн. 4,8 миң сом;
  • курулуш-монтаж иштеринин көлөмүн жогорулатуу – 1 млн. 262,9 миң сом;
  • материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 1 млн. 218,0 мин сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктардын жетпей калуусу – 326,0 миң сом;
  • Социалдык фондго кошумча эсептөөлөр – 378,5 миң сом;

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 5 млн. 459,8 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 1 млн. 220,2 миң сом кайтарылды.

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары жана резервдери 614,5 миң сом суммасында аныкталды.

Рационалдуу эмес колдонулган каражаттар 580,0 миң сомду түздү.

Ири суммадагы каржы бузуулар төмөнкү айыл өкмөттөрдө аныкталган:

  • Миң-Булак айыл өкмөтү – 581,4 миң сом,
  • Учкун айыл өкмөтү – 1 млн. 412,2 миң сом,
  • Чет-Нура айыл өкмөтү – 1 млн. 933,6 миң сом.

Учкун айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн аудиттин актысы, Кара-Кужур, Жан-Булак, Сары-Ой, Жерге-Тал, Чет-Нура, Учкун, Дөбөлү, Орток, Эмгекчил айыл өкмөттөрүндө жүргүзүлгөн аудиттин аралык актылары Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Нарын облусу боюнча башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Аудит жургүзүлгөн мекемелерге жана ишканаларга аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.