Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Аксы районунун жергиликтүү бюджеттеринде 2,8 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

2019-2020-жылдар аралыгында Аксы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 2 млн. 844,2 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, эң көп төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  • урулуш иштерине кошуп жазуулар - 1 млн. 404,6 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз жана кредиттик карыздарды негизсиз көбөйтүү – 850,1 миң сом;
  • бюджетке чегерүүгө тийиш болгон ижара акы – 167,5 миң сом;
  • Социалдык фондко кошумча эсептөөлөр – 132,1 миң сом;
  • материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 104,8 миң сом.

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары жана резервдери 366,0 миң сом суммасында аныкталды.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 2 млн. 822,1 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 995,6 миң сом кайтарылды.