Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасы: Чүй жана Нарын областтарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө бир катар кемчиликтер аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Чүй облусундагы өнүктүрүү фондусунда жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетту талкуулады.

Аудит учурунда КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын балансында КР Өкмөтү тарабынан коюлган чектөөдөн 2 нөөмөттүк автоунаа ашыкча болгону аныкталды. Бул маселе боюнча КР Министрлер кабинети менен бирдикте жогорудагы чектөөдөн ашыкча болгон нөөмөттүк автоунааны чечүү маселеси кароо тапшырмасы берилди.

Жалпысынан алганда, 2019-жылдын ичинде 42 долбоор (жергиликтүү маанидеги инфратузумдү өнүктүрүү) 48,9 млн. сомго каржыланган. 2020-жылы жалпысынан 69 долбоор 90,7 млн. сомго каржыланган.

2020-жыл ичинде “CОVID-19” илдети күчөп кеткендигине байланыштуу, 4 айыл аймакта 10,4 млн. сомго подрядчылар тарабынан өз учурунда жумуштар бүтпөй калган. Ошондой эле, Токмок шаарынын 3-кичи районунун Чүй облустук ооруканасынын “А” блогун оңдоо үчүн порядчы уюм - ЖКЧ “STRIM GROUP” тарабынан 12 млн. сомго курулуш иштер жүргүзүлгөн, бирок жумуштардын накта жасалган көлөмү боюнча маалыматтар берилген эмес. Аталган маселелер боюнча Эсептөө палатасы бүтпөй калган курулуш иштерин аяктоо жана алар боюнча маалымат берүү сунушун берди.

Мындан тышкары, Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Нарын облусундагы өнүктүрүү фондусунда жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетту кабыл алды.

Аудит учурунда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын алдында курулуп жаткан компьютердик томографиялык  аппаратты жайгаштыруучу имараттын куруу үчүн акчалар бөлүнүп, бирок тендер аркылуу жеңүүчү уюм тарабынан курулуш иштери аткарылбагандыгы аныкталды.

КР Өкмөтүнүн  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондусунан 2020-жылдын 17-декабрындагы №218-б буйругу менен 1,1 млн. сом бөлүнүп, өнүктүрүү фондусунун эсеп счетунан ЖЧК “САПАТ-ШЭД” эсеп счетуна жылдын аягында которулган. Учурда бул акчалар дебитордук карыз болуп,  бүгүнкү күнгө  чейин курулуш иштери толугу менен  аткарылган эмес. Буга байланыштуу, Эсептөө палатасы аталган ЖЧК “САПАТ-ШЭД” тарабынан курулуш иштеринин аткарууну милдеттендирүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында Социалдык фондго төгүмдөр 34,4 миң сомго ашыкча которулган.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.