Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери онлайн видеоконференцияга катышты

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппаратынын жетекчиси Нурпаис Осмонов баштаган жумушчу топ 2021-жылдын 20-декабрында “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин мамлекеттик аудиттин жогорку органдары үчүн мамлекеттик финансылык контролдун (аудиттин) стандарттарын иштеп чыгуу жөнүндө Жумушчу тобунун XVII отуруму” темасында онлайн видеоконференцияга катышты.  

Аталган конференция Казакстан Республикасынын республикалык бюджетин аткарууну көзөмөлдөө боюнча Эсептөө комитети тарабынан уюштурулуп, ага Азербайжандын, Армениянын, Беларусь Республикасынын, Молдованын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын Аудиттин жогорку органдарынын (АЖО) өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө АЖОнун ишмердүүлүктөрүндө тобокелге багытталган ыкмаларды (мамлекеттик конторолду уюштуруу жана жүргүзүү ыкмасы) колдонуунун мүмкүн болгон багыттары, консолидацияланган финансылык отчеттуулуктун аудитине мамилелер жана ошондой эле көлөмдүү маалыматтарды анализдөө боюнча маалыматтар менен иштөө жөнүндө тажрыйба алмашуу уюштурулду.

КМШ мүчө мамлекеттердин мамлекеттик аудиттин жогорку органдары үчүн мамлекеттик финансылык контролдун (аудиттин) стандарттарын иштеп чыгуу жөнүндө Жумушчу тобунун отурумдары мезгил-мезгили менен бекитилген график боюнча өткөрүлүп турат.