Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ноокен районунун жергиликтүү бюджеттеринде 4,7 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

2019-2020-жылдар аралыгында Ноокен районунун жана Кочкор-Ата шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 4 млн. 674,3 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, эң көп төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  • курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жогорулатуу - 2 млн. 780 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз – 874,5 миң сом;
  • материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 599,3 миң сом.
  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 137,3 миң сом;
  • бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу - 106,3 миң сом;

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 4 млн. 85,7 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 855,5 миң сом кайтарылды.

Мындан тышкары, бюджеттин жоготуулары 1 млн. 154,5 миң сом суммасында аныкталды.

Аудиттин жыйынтыгы менен Ноокен районунун “Момбеков”, “Ноокен”, “Арал”, “Бүргөндү”, “Сакалды”, “Масы” айыл өкмөттөрүндөгү жайыт пайдалануучулар комитеттеринде жана Кочкор-Ата шаардык мэриясында аткарылган курулуш иштеринде аныкталган каржы бузуулар тууралуу аудиттин материалдары укук коргоо органдарына укуктук баа  берүү үчүн жиберилди.