Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

А.Байгазаков Турциянын Эсептөө сотунун президенти М.Йенер менен жолугушту

Анкарада (Турция) 2021-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков Турциянын Эсептөө сотунун президенти мырза Метин Йенер жана Турциянын Эсептөө Сотунун вице-президенти мырза Юджель Турхан менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Турция Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана Кызматташтык жана координация боюнча түркиялык агенттиктин (ТИКА) өкүлү мырза Угур Таниели катышты. Жолугушуу Анкара шаарында 20-23-декабрда КР Эсептөө палатасынын делегациясы үчүн пландаштырылган финансы аудитти жүргүзүү боюнча окутуучу семинардын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашып, 2022-жылга пландар тууралуу ой бөлүштү. Алимжан Байгазаков түркиялык тарапка ТИКАнын жардамы менен уюшулган тажрыйба алмашуу боюнча иш-чарага ыраазычылык билдирип, окутуунун учурдагы темасы актуалдуу экендигин баса белгилеп, Кыргызстан жана Турциянын аудиттин жогорку органдары үчүн өз ара кызыкчылык туудурарын билдирди.

Маалымат үчүн: Анкара шаарындагы финансы аудитин өткөрүү боюнча семинар - КР Эсептөө палатасынын кызматкерлерин окутуунун экинчи этабы. Финансы аудитин ишке киргизүү боюнча окутуунун биринчи этабы 2021-жылдын 22-ноябрынан 25-ноябрына чейин видеоконференция байланышы аркылуу өткөн. Окутуу ТИКАнын жардамы менен өтүүдө.