Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны 18-ноябрда болуп өттү

2021-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө 2016-2020-жылдарга “Чыгыш электр”, “Ошэлектр”, “Жалалабадэлектр”, “Түндүк электр” Ачык акционердик коомунун электр энергиясы үчүн керектөөчүлөрдүн финансылык санкциялары боюнча эсептелген пайыздык коюмдарын, туумдарын, өнбөс карыздарын эсептен чыгаруу маселеси боюнча жүргүзүлгөн тематикалык аудити жөнүндө отчет, 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджетинин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудит жөнүндө отчет, 2018-20219-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Соттук өкүлчүлүк борборунда жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудити жөнүндө отчеттор талкууланды.

Ошондой эле, 2018-2020-жылдарга Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин уставдык жана башка органдарына караштуу Кыргыз Республикасынын атайын укуктуу туруктуу өкүлүн күтүүгө бөлүнгөн каражаттарына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет,  2019-2020-жылдарга Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Экономикалык Кеңешинин алдындагы Экономика маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бюджетинин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчеттор каралды.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.