Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн “Ишкер кыргыз тили” окуу курсу жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында түзүмдүк бөлүнүштөрдүн мамлекеттик кызматкерлери үчүн “Кыргызтест” системасынын талаптарына ылайык “Ишкер кыргыз тили” окуу курсу уюштурулуп, окутуу жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик тил боюнча окуу курсу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын аткаруунун алкагында уюштурулуп жатат.

Иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү боюнча сабактар А2, В1 жана В2 деңгээлдери боюнча жүргүзүлүүдө. Окуу курсу он күнгө уюштурулат. Окуу курсунун жыйынтыгында тиешелүү сертификаттар берилет.