Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын кызматкерлери Россиядагы студенттерге иштөөнүн өзгөчөлүгүн айтып беришти

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 2021-жылдын 11-ноябрында “Мамлекеттик финансы көзөмөлүнүн жогорку органдарынын эл аралык өз ара кызматташтыгы” темасында Россия Федерациясынын Финансы университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен онлайн видео конференция уюштурулду.

Видео конференцияда башкы мамлекеттик инспекторлор Гульнара Ашимова жана Гульмира Жумагулова лекция окушту.

Видео конференциянын жүрүшүндө лекторлор КР Эсептөө палатасынын укуктук макамы, текшерүүчү органдын иштөө өзгөчөлүгү, ишмердүүлүктө колдонулуучу методикалык ченемдер жана стандарттар, ошондой эле эл аралык кызматташтыктын багыттары боюнча кенен маалымат беришти.

“Ушул жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы аудитти жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарына өттү, тактап айтканда, шайкештик аудити, финансылык аудит жана натыйжалуулук аудити же алардын тышкы аудиттин стандарттарына ылайык, аларды айкалыштыруу менен жүргүзүп жатат. Аудиттин аталган түрлөрү мамлекеттик финансылык тартиптин бузулушун алдын алууга, мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга жана мамлекеттик каражаттардын пайдаланышынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча так сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгууга жардам берет”- деп, билдирди Гульмира Жумагулова.

Башка лектор Гульнара Ашимова аудитти жүргүзүүнүн этаптарына токтолду. Анын айтымында, аудитти пландаштыруу, аудитти жүргүзүү жана аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчетту даярдоо – бул, аудиттин  үч башкы этаптары, алар ырааттуу иш-аракеттерди камтыйт жана тиешелүү документтер менен ырасталат.

Видео конференциянын жүрүшүндө россиялык жогорку окуу жайдын студенттери өздөрүн кызыктырган суроолоруна жоопторун алышты. Талкуулоо ошондой эле, Финансы университетинин профессордук-окутуучулук курамы менен КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери менен  дистанттык түрдө өттү.