Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны 28-октябрда болуп өттү

2021-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Эсептөө палатасынын мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери, ошондой эле аудит жүргүзүлгөн объектилердин жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2020-жылга «Альфа Телеком» ЖАКда шайкештик аудити, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсында мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугунун аудити, 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде шайкештик аудити, 2020-жылга Мамлекеттик каттоо кызматында бюджеттин аткарылышынын аудити жөнүндө отчеттор каралды.

Ошондой эле, КР Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү 2020-жылы COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн эл аралык донорлордон келип түшкөн жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен шайкештик аудитти талкуулашты.

Коронавирустук инфекциянын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн, 2020-жылы республикалык бюджеттен COVID-19 менен күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга катышкан министрликтерге жана ведомстволорго бардыгы 5,5 млрд. сом бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын отчетторуна ылайык, бул акча каражаттары 13 министрликке жана ведомстволорго бөлүнгөн, ал эми бул каражаттар боюнча жалпы кассалык чыгымдар 4,7 млрд. сомду түзгөн.

Жалпысынан, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларга катышкан министрликтерде жана ведомстволордо аудиттердин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй бузуулар аныкталган: эмгек акыларды негизсиз төлөө, каражаттардын максаттуу эмес пайдаланышы, ошондой эле каражаттарды рационалдуу эмес колдонуу.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, кемчиликтерди жана бузууларды жоюу үчүн сунуштамалар берилди.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.