Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйыны болуп өттү

2021-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана КР Экономика жана финансы министрлигинин жетекчилери катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө «2022-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбооруна даярдалган корутунду каралды.

Аталган корутунду Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 72-беренесин аткаруу максатында 2021-жылдын 30-сентябрында Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген, тиешелүү жылдарга түзүлгөн республикалык бюджеттин долбоорун талдоонун жыйынтыгы менен даярдалды.

2022-жылга Бюджеттик резолюциянын Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынбагандыгын жана бюджетти түзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан бекитилген 2022-2024-жылдарга Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын параметрлеринин жоктугун эске алуу менен, Мыйзам долбоору 2022-2024-жылдарга ФСНБ параметрлеринин долбоорунун негизинде түзүлгөн.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, КР Экономика жана финансы министрлигине орто мөөнөттүү мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө анын ресурстарын көбөйтүү жана чыгымдарды кыскартуу мүмкүнчүлүктөрүн кароо сунушталды.

Корутундунун толук версиясы www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.