Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов видео-конференция байланыш режиминде, аудиттин жогорку органдарынын Азиялык уюмунун (АЗОСАИ) 15-Ассамблеясына катышты

         2021-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы   Алмазбек Акматов видео-конференция байланыш режиминде, аудиттин жогорку органдарынын Азиялык уюмунун   (АЗОСАИ) 15-Ассамблеясына катышты.

Пандемия шартына байланыштуу, иш-чара АЗОСАИнин 43 мүчөсүнүн катышуусу менен, онлайн режиминде өттү. Ассамблея менен катар, Башкаруучу кеңештин 56 жана 57-отуруму, ошондой эле  АЗОСАИнин 8-симпозиуму өткөрүлдү. Ассамблеянын алкагында АЗОСАИнин Башкаруучу кеңешине жана АЗОСАИнин аудитордук комиссиясына тандоо болуп өттү.

Иш-чаралардын жыйынтыктары:

  • 2021- Бангкок декларациясы кабыл алынды;
  • Вьетнамдын аудиттин жогорку органы Тайланддын аудиттин жогорку органына АЗОСАИ төрагасынын ыйгарым укугун өткөрүп берди;
  • Индиянын аудиттин жогорку органы АЗОСАИнин 16 - Ассамблеясын өткөрүүгө жооптуу болуп дайындалды, бул болсо, 2021-2027- жылдары уюмга төрагалык кылууну болжолдойт;
  • 2021- 2024-жылдарга АЗОСАИнин Башкаруучу кеңешинин курамына Россия, Малайзия, Пакистан, Корея Республикасы, Сауд Арабиясы, Түркия жана Филиппиндин аудиттин жогорку органдары тандалды;
  • Азербайжан жана Казакстандын аудиттин жогорку органдары 2021- 2024-жылдар мезгил аралыгына карата Аудитордук комиссиясынын мүчөлөрү катары тандалды.

Маалымат үчүн: аудиттин жогорку органдарынын Азиялык уюму  (АЗОСАИ/ASOSAI) аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун (ИНТОСАИ)  регионалдык тобунун бири болуп эсептелет. АЗОСАИ 11 мүчөсү менен  1979-жылы түзүлгөн. Учурда мүчөлөрүнүн саны 46 аудиттин жогорку органдарына өскөн.

Ассамблея Уюмдун бардык мүчөлөрүнүн турат жана үч жылда бир жолу чогулат.  Ар бир Ассамблея белгилүү бир тематикага багытталган жана эл аралык семинарлар биргелешип өткөрүлөт. Ошондой эле,   ар бир Ассамблеяда АЗОСАИнин Башкаруучу кеңешине жана АЗОСАИнин Аудитордук комиссиясына тандоолор өтүп турат.