Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 5 – августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

2021-жылдын 5  – августунда  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.  Ага Кеңештин мүчөлөрү

: төрага Алмазбек Шаршембиевич Акматов, - аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Мукаш Кадырович Арзыбаев, Зарылбек Апасович Сатаев, жана ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана чакырылган мекемелердин жетекчилери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор  З. С. Жоошбеков жана З. А. Сатаев тарабынан сунушталган аудиттин жыйынтыктары  боюнча 01.01.2019-жылдан 31.12.2020-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет,  01.01.2017-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Бишкекжылуулуктармагы” Ачык акционердик коомунда жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет жана 01.01.2019-жылдан  31.12.2020-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Кара-Балта спирт заводу” Мамлекеттик ишканасына жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудити жөнүндө отчет бекитилди.

Аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлөт.