Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 30 – июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

2021-жылдын 30 – июлунда  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.  Ага Кеңештин мүчөлөрү:

төрага  - Алмазбек Шаршембиевич Акматов, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков,         Мукаш Кадырович Арзыбаев, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Зарылбек Апасович Сатаев,  жана ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана чакырылган мекемелердин жетекчилери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө аудитор Арзыбаев М.К.  тарабынан сунушталган 01.01.2018-жылдан 31.12.2020-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Кадр кызматында жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчет жактырылды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине жиберилет.

Күн тартибинин кийинки маселеси болуп, 2019-жылга карата республикалык бюджетке жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйругунун аткарылышы жөнүндө маалымат аудитор Байгазаков А.Т. тарабынан сунушталды. Ошондой эле, Кеңештин токтомунун негизинде 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Аудитордук иш планына толуктоолор киргизилди.