Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономикалык чөйрөнүн кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш – чара болуп өттү

2021 - жылдын 7 - июнунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Конференц-залында Финансы жана экономикалык чөйрөнүн кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш – чара болуп өттү.

 

Төрага А. Ш. Акматов куттуктоо сөзүндө, өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүшү, мамлекеттин ресурстарын натыйжалуу башкаруу жарандардын бакубат турмушунун негизи болуп эсептелерин белгиледи. “Финансылык ресурстарды ачык-айкын, рационалдуу жана натыйжалуу башкаруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Ошондуктан, ар бирибиздин биргелешкен аракеттерибиз жана талыкпаган эмгегибиз гана өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө алып келет жана биз Кыргызстандын каржылык-экономикалык көз карандысыздыгына жетишебиз деп ишенем.

Сиздерге жана Сиздин жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат турмуш жана ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм!”

Ошондой эле, салтанатту иш – чаранын жүрүшундө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишине үзүрлүү салым кошкондугу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономикалык чөйрөнүн кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу кызматкерлерге  ведомстволук сыйлыктар жана артыкчылык белгилер тапшырылды.