Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 3 - июнунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

2021-жылдын 3 - июнунда  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Ага Кеңештин мүчөлөрү:

төрага –Алмазбек Шаршембиевич Акматов, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Зарылбек Апасович Сатаев, Мукаш Кадырович Арзыбаев, жана ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет каралды. Аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчет бекитилди жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Админстрациясына, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине  жана  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине  сунуштама жиберүү боюнча чечим кабыл алынды.

 Мындан тышкары, күн тартибинин экинчи маселеси болуп 2021 - жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Аудитордук иш планына толуктоолор киргизилди.