Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызметкерлери тарабынан Баткен областындагы кыргыз-тажик чек ара кагылышуусунда жабыр тарткандарга жардам катары бир күндүк эмгек акыны которуу чечими кабыл алынды.

2021-жылдын 28-29-апрелинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде болгон чек ара жаңжалына байланыштуу, Баткен областынын жашоочуларына жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин кезексиз жыйынында, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жапа чеккен Баткен областынын тургундарына жардам иретинде атайын эсепке бир күндүк эмгек акыларын которуу жөнүндө жамааттык чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана жетекчилиги курман болгондордун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Учурдагы кырдаалды тез арада тынчтык жолу менен жөнгө салууга жана мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин ийгиликтүү аякташына үмүт кылабыз.