Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021 – жылдын 13 - апрелинде Көз карандысыз шериктеш мүчө -мамлекеттердин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашуу боюнча экинчи семинары видеобайланыш режиминде болуп өттү.

            2021 – жылдын 13 - апрелинде Көз карандысыз шериктеш мүчө -мамлекеттердин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашуу боюнча экинчи семинары видеобайланыш режиминде болуп өттү.

Ага Беларусь Республикасынын Мамлекеттик  контролдоо комитетинин, Казакстан Республикасынын Республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо боюнча Эсептөө комитетинин, Молдова Республикасынын Эсептөө палатасынын, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын, Тажикстан Республикасынын Эсептөө палатасынын, Өзбекстан Республикасынын Эсептөө палатасынын жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү катышты.

            Эл аралык жана аймактык кызматташуу департаментинин директору Смирнов Алексей Владимирович өзүнүн кириш сөзүндө аудиттин сапатын контролдоого жана практикалык аспаптарга арналган семинардын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

         Семинардын тематикалык бөлүгүндө Финансылык аудит департаментинин директору Елена Бойцова "Аудиттин сапатын контролдоо: негизи жана практикалык аспаптар" темасындагы докладды угушту. Ошондой эле, "Прайсвотерхаускуперстин" башкы менеджери Жищенко Василина Андриановна эл аралык аудит жүргүзүү  боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

           Семинардын талкуу бөлүгүндө катышуучулар практикалык маселелерди жана аудитордук иш-аракеттердин сапатын контролдоону камсыздоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.