Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 30-мартында Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана негизги индикаторлору боюнча жумушчу тобунун отуруму болуп өттү.

            2021-жылдын 30-мартында Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана негизги индикаторлору боюнча жумушчу тобунун отуруму болуп өттү.

Отурум видеоконференция режиминде өттү. Ага финансылык контролдоонун жогорку органдарынын эл аралык  ИНТОСАИ уюмуна мүчө 28 өлкөнүн өкүлдөрү жана 8 байкоочу катышты.

            Жумушчу тобунун катчылыгынын башчысы Дмитрий Зайцев өзүнүн саламдашуу сөзүндө, отурумдун бардык катышуучуларынын ишине ийгилик каалады жана  2020-2021-жылдарга карата Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана негизги индикаторлору боюнча жумушчу топтун иши жөнүндө отчет берди. Андан кийин Филиппин, Эстония жана Канада мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынан   Жумушчу тобунун жаңы мүчөлөрү тааныштырылды. Филиппин мамлекетинин Аудит комиссиясынын төрагасы Майкл Агинальдо мырза жана Эстония мамлекетинин Айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү тобунун менеджери Эйри Андрессон айым Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын  аудитинин тажрыйбасы жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле, топтун пилоттук долбоорлору, айрыкча GUID-5202 жана Макроэкономикалык божомолдордун ишенимдүүлүгүн текшерүү боюнча колдонмо жөнүндө маалыматтар жаңыртылды.

            Туруктуу өнүгүүнүн максаттары 4 жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттары 8 боюнча аудитордук тобунунун мүчөлөрү менен  жана макроэкономикалык божомолдордун натыйжалары сунушталды.

            Жыйынтыгында катышуучулар Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана туруктуу өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча Жумушчу тобунун 2021-2021-жылдарга карата Иш планын талкуулашты.

Справка: INTOSAI алкагында, тигил же бул аудит маселеси  боюнча,  ар кайсы өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган, жумушчу тобу түзүлөт. Эсептөө палатасы кен казуу өнөр жайына аудит жүргүзүү боюнча INTOSAIнин жумушчу тобунда турат, ага 2013-жылы кирген. Топ кен казуу өнөр жайына мамлекеттик  аудитти жүргүзүүнү жакшыртуу  жана бул аудиттин түрүнө тартылган аудиттин жогорку органынын коомчулугун  түзүү менен иш алып барат.

         Эсептөө палатасы мамлекеттик  сатып алууларга контракттык аудит жүргүзүү боюнча INTOSAIнин Атайын тобунда катышат. Атайын топтун иши мамлекеттик  сатып алууларга аудит жүргүзүүгө жана универсалдуу мамилелерди иштеп чыгууга багытталган. Ал, бул чөйрөдө ар тараптуу тажрыйбага ээ болгон, финансылык контролдоонун жогорку органынын потенциалына негизделген.