Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги 2021- жылдын 16- мартындагы жыйынында күн тартибинде орун алган маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги 2021- жылдын 16- мартындагы  жыйынында күн тартибинде орун алган  маселелер талкууланды.

 

Жыйынга Кеңештин мүчөлөрү: төраганын м.а. - Айжан Медетовна Садыркулова, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Алмасбек Садыкович Султанкулов, Вадим Александрович Садовников, Зарылбек Апасович Сатаев, Акылбек Тогузбаевич Түмөнбаев,Мукаш Кадырович Арзыбаев, Алмазбек Шаршембиевич Акматов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн мекемелердин жетекчилери катышты.

Кеңеш тарабынан төмөндөгүлөр жактырылды:

  • 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.
  • 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.
  • 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.
  • 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы мамлекеттик ишканаларынын ишинин натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.
  • 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Эл ТР” Мамлекеттик телерадиокомпаниясында жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.
  • 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Кыргызнефтегаз” Ачык акционердик коомундажүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.
  • 01.01.2017-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Мамлекеттик ипотекалык компания” Ачык акционердик коомундажүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.
  • 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.

Отурумдун соңунда, 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде, анын территориалдык жана түзүмдүк мекемелеринде бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2018-жылдын  2-апрелиндеги                         № 01-23/82 жазма буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе каралды.