Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 4 – мартында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

2021-жылдын 4  – мартында  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.  Ага Кеңештин мүчөлөрү

: төраганын м.а. - Айжан Медетовна Садыркулова, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Алмасбек Садыкович Султанкулов, Акылбек Тогузбаевич Түмөнбаев, Вадим Александрович Садовников, Зарылбек Апасович Сатаев, Мукаш Кадырович Арзыбаев, Алмаз Шаршембиевич Акматов жана ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана чакырылган мекемелердин жетекчилери катышты. 

 

Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор  З. С. Жоошбеков, А.Т. Байгазаков, З. А. Сатаев  жана  А. Т. Түмөнбаев тарабынан сунушталган аудиттин жыйынтыктары  боюнча 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет, 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Эл аралык аэропорт “Манас” Ачык акционердик коомунда  жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет, 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет жана 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “СК Ресурс” Жоопкерчилиги чектелген коомунда жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет бекитилди.

Аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлөт.