Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 16-февралында КМШга мүчө мамлекеттердин финансылык контролдоо боюнча жыйыны болуп өттү.

    2021-жылдын 16-февралында КМШга мүчө мамлекеттердин финансылык контролдоо боюнча жогорку органдары тарабынан  мамлекеттик финансылык контролдоо (аудит) стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун XVI отуруму болуп өттү.

Отурум видеоконференция байланыш режиминде өттү. Ага Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын, Армениянын Республикасынын контролдоо  палатасынын, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик көзөмөл комитетинин, Казакстан Республикасынын Республикалык бюджетинин аткарылышын контролдоо боюнча Эсептөө комитетинин, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Молдова Республикасынын Эсепөө палатасынын, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын жана Тажикстан Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү катышты.

 

    Отурумдун жүрүшүндө биргелешкен жана параллель контролдоо жана эксперттик аналитикалык иш-аракеттердин (аудит) сапатын контролдоо боюнча методикалык сунуштардын долбоору каралды жана жактырылды. Бул долбоор Россия Федерациясынын Эсептөө палатасы тарабынан сунушталган. Казакстан Республикасынын Республикалык бюджетинин аткарылышын контролдоо боюнча Эсептөө комитети "КМШга мүчө мамлекеттердин финансылык контролдоо боюнча жогорку органдарынын алкагында  маалыматтык өз ара аракеттенүүсү" стандарттык долбоорун талкууга койду. Ошондой эле, катышуучулар Молдова Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан берилген корутундулар жана сунуштар менен инвестицияларга аудит жүргүзүү тажрыйбасын талдоо боюнча аналитикалык маалыматты угушту.

    Жыйынтыгында, конференциянын катышуучулары 2021-2023-жылдарга КМШга мүчө мамлекеттердин Финансылык көзөмөлдөө боюнча жогорку органдарынын (ФКЖО) мамлекеттик финансылык контролдоо (аудит) стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун Иш планын бекитишти.