Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Жаңы жылдын алдында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери балдарга жардамдарын көрсөттү

        Жаңы жылдын алдында  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери салттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдарга кайрымдуулук жардамдарын көрсөттү.

         Администрация менен макулдашуу боюнча телевизор жана башка тиричилик техникалары сатылып алынды, албетте, мындан тышкары балдар үчүн таттуулар белекке даярдалган.
       Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А. Марипов ата-энелерди жана балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен жалпы жамааттын атынан куттуктап, бардык жаш бейтаптардын тез сакайып кетишин каалады, анткени коргоо жана колдоо бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет. Ата-энелердин  ден-соолугу чың болуп, ар бир бала  эң сүйүктүү экенин билүүгө тийиш.