Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-жылдын 29 –декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

    Ага Кеңештин мүчөлөрү: төрага - Улукбек Асамидинович Марипов, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Айжан Медетовна Садыркулова, Алмасбек Садыкович Султанкулов, Вадим Александрович Садовников, Зарылбек Апасович Сатаев, Мукаш Кадырович Арзыбаев, ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Отурумдун жүрүшүндө аудитор  А.С. Султанкулов 2017-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата “Мамлекеттик камсыздоо уюму” ачык акционердик коомунда жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудити жөнүндө отчетун сунуш кылды.

             Аудитор А. Т.  Байгазаков  сунуштаган 2018-жылга карата аудиттин жыйынтыгы боюнча “Электр станциялары” Ачык акционердик коомуна жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйругунун аткарылышы жөнүндө маалымат угулду.

            Мындан тышкары, күн тартибиндеги ар кандай маселелер каралды.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлдү. Текшерүү объектисине отчет, буйрук, кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды четтетүү боюнча сунуштама жөнөтүлдү.

Жыйынтыктоочу сөзүндө Эсептөө палатасынын төрагасы У.А. Марипов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрүнө, аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине республикада эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, мамлекеттик аудит тутумун өркүндөтүүдөгү жигердүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди.