Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кезектеги отуруму болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги 2020- жылдын 18- декабрындагы жыйынында күн тартибинде орун алган  маселелер талкууланды.

Жыйынга Кеңештин мүчөлөрү: төрага - Улукбек Асамидинович Марипов, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Айжан Медетовна Садыркулова, Алмасбек Садыкович Султанкулов, Вадим Александрович Садовников, Зарылбек Апасович Сатаев, Мукаш Кадырович Арзыбаев, ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана видео байланыш аркылуу түз ободо Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери катышты.

Кеңеш 2018-2019-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө, 2019- жылга карата Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө  жана 2018-2019-жылдарга карата “Альфа Телеком” Жабык акционердик коомунда жүргүзүлгөн  шайкештик аудити жөнүндө отчетторду бекитти. Одондой эле, 2018-жылга карата аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтүлгөн жазма буйруктардын аткарылышы жөнүндө маалымат каралды.

Отурумдун соңунда Эсептөө палатасынын Кеңеши  “Ачык Өкмөт” Өнөктөштүгү алкагында   “Коомчулуктун катышуусу менен аудитти уюштуруу боюнча методикалык окуу куралын” бекитти.