Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүлгөн күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А Мариповдун куттуктоосу

Урматтуу кесиптештер!

 

 

      Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүлгөн күнү менен чын дилимден бардыгыңыздарды куттуктайм!

      Биздин ишибиз өзгөчө баалуулукка ээ. Сиздер, урматтуу кесиптештер, биздин мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүнө зор салым кошуп келесиздер. Сиздердин ишиңиздерге жараша коомдун турмушу ар тараптуу өнүгөт, социалдык жактан корголот жана калк жыргалчылыкта жашайт. Финансылык контролдоонун жогорку органы катары Эсептөө палатасынын алдында  биз ырааттуу түрдө чече турган маанилүү милдеттер турат.   Мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу башкаруу, коррупциялык тобокелдиктер менен күрөшүү жана иштеги ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, заманбап санарип технологиясын жайылтуу, биздин өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнө жана гүлдөшүнө карата негизги артыкчылыктуу жол болуп эсептелет.  

      Эсептөө палатасынын кызматкерлери мындан ары дагы ишинде топтогон тажрыйбасын колдонуу, мыйзамдуулук, объективдүүлүк, натыйжалуулук, көз карандысыздык, айкындуулук принциптерин сактоо менен иш алып барышат деп терең ишеним артам.

       Сизге жана Сиздин жакындарыңызга чың ден соолук, бакубат жашоо, ачык асман каалайм!

 

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Эсептөө палатасынын төрагасы                                     

У. Марипов