Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-жылдын 1 -январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы Токмок шаарынын бюджетинин тузулушуно жана аткарылышына, Токмок шаарынын мэриясынын жана анын тузумдук белунуштерунун бюджеттеринин аткарылышына, муницнпалдык ишканаларын

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан , 2017-жылдын 1-январынан тартып               2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы Токмок шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Токмок шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине аудиттер жүргүзүлггөн.

Бул аудиттердин жыйынтыктары боюнча бардыгы 33 159,4 миң сом суммасына финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:

- каражаттарды сарптоодогу бузуулар жана жетишпестиктер- 31 559,9 миң сом, алардын ичинен:

       эмгек акыларды негизсиз төлөө - 15 386,7 миң сом;

       эсепке берме суммаларды эсепке алганда, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу-45,2 миң сом;

       курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жогорулатуу - 102,6 миң сом;

       эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз - 57,5 миң сом;

       бюджеттин башка деңгээлинде турган мекемелерге каржылоо булагы жок учурда республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнгөн каражаттар - 17 059.9 миң сом.

- бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери - 383,3 миң сом, алардын ичинен:

• бюджетке которулууга тийиш болгон ижара төлөмү - 383,3 миң сом.

- Соцфонддун кошумча чегерилген кирешелери-124,2.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары - 7 828,8 миң сом, анын ичинде:

        эмгек акыны төлөөдөгү мыйзам бузуулар-5 458,1 миң сом.

        бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары - 2 370,7 миң сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар - 41,7 миң сом, анын ичинде:

        товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык запастары жана эсептеги каражаттар-41,7 миң сом

Бардыгы калыбына келтирүүгө тийиш: аныкталган финансылык бузуулардын жалпы суммасынан - 712,8 миң сом. Аныкталган бюджеттин резервдеринин жана жоготууларынын жалпы суммасынан - 2 182,1 миң сом.

Аудиттердин материалдары 2020-жылдын 14-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда Токмок шаарынын мэриясынын жетекчилигин чакыруу менен каралган.

Отурумдун чечимине ылайык, Токмок шаардык кеңешине маалымат жана жазма буйрук, Токмок шаарынын мэриясына жазма буйрук, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментине маалыматтар жиберилген. Мындан тышкары, аудиттердин материалдары Чүй областтык прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн жиберилген.