Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бюджеттик мекемелерде жана Кадамжай районунун айыл аймактарында аудит жүргүзүлдү

        Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Кадамжай  районундагы айыл аймактарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына, Кадамжай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна жүргүзүлдү.

        Аудитке райондук мамлекеттик администрация, Кыргыз Республикасынын  финансы министрлигинин Кадамжай райондук башкармалыгы, Алга, Актурпак, Бирлик, Орозбеков, Көтөрмө, Кыргыз-Кыштак, Халмион, Майдан, Марказ, Масалиев, Үчкоргон, Совет, Чаувай  айыл аймактары, Айдаркен, Кадамжай шаардык мэриялары жана Кадамжай районундагы өзүн-өзү башкаруу органдарынын  муниципиалдык  ишканалары камтылды.

        Бюджеттик мекемелерде жана Кадамжай районунун айыл аймактарында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында жалпысы болуп 3045,5 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды, анын ичинен: акча каражаттардын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу 136,4 миң сомго, эмгек акыларды негизсиз  төлөп берүүлөр 10,2 миң сомго, товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттардын негизсиз чыгымдоо 321,3 миң сомго, сапар чыгымдарына ашыкча төлөө 73,4 миң сомго,  атайын каражаттарды казына тутумун кыйгап өтүү жолу менен пайдалануу  7,2 миң сомго, курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу 1819,9 миң сомго, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу 316,7 миң сомго, дебитордук карыздын эсебин жашыруу жана кредитордук бересенин эсебин жогорулатуу  73,8 миң сомго, бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери 120,7 миң сомго жана Социалдык фондго кошумча эсептелген кирешелер 165,9 миң сомго.  Каржылык бузуулардан 3035,3 миң сом өндүрүлүүгө тийиш. Аудиттин жүрүшүндө 1591,3 миң сом өндүрүлдү.

        Мындан сырткары, 2877,8 миң сомдук бюджеттеги резервдер жана жоготуулар аныкталды, анын ичинен: электр энергиясын ченемден ашыкча пайдалануу 978,5 миң сомго,  эмгек акына негизсиз төлөөлөр 106,2 миң сомго жана башка бюджеттик жоготуулар 1793,1 миң сомго.