Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А. Мариповдун куттуктоосу

Урматтуу Мекендештер!

       Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул майрам Кыргыз Республикасынын мамлекет катары эркиндигинин жана кубаттулугунун символу болуп эсептелинет. Өлкөбүз эгемендүүлүктү алган күндөн бери башынан көп кыйынчылыктарды өткөрдү, ага карабастан  ар бир жолу кыргыз эли туруктуу, сабырдуу жана улуу калк экенин далилдеп келет. Биз мамлекетибиздин ар кайсы тармактардагы ийгиликтүү өзгөрүүлөрдү жана көптөгөн жетишкендиктерди жөнүндө сыймыктануу менен айта алабыз, бул прогресстин жана дүйнө элдерине таанылуунун күбөсү. Биз биргелешкен күч-аракет жана  ак эмгек  менен, Кыргызстандын улуу тарыхын жана анын ар тараптуу өнүгүүсүн улайбыз деп ишенем.

         Ушул маанилүү күндө Сиздерге бакубат турмуш, чың ден-соолук жана туруктуулук каалайм. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө ар дайым тынчтык жана ынтымак болсун.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы

У.А. Марипов