Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2019-жылдагы иши жөнүндө отчетту канааттандырарлык деп тааныды

2020-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  пленардык отурумда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2019-жылдагы иши жөнүндө отчетту канааттандырарлык деп тааныды. 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов баяндама жасап жатып, өткөн жылдагы аудитордук иштин негизги жыйынтыктары, мамлекеттик аудиттин тутумун жакшыртуу, коррупцияга каршы саясат жүргүзүү жана аудиттик процесстерди санариптештирүү боюнча иш-чаралар жөнүндө айтып өттү.

 

Төрага, 2019-жылы Эсептөө палатасы тарабынан 141 аудитордук иш чаралар жүргүзүлгөндүгүн, алардын алкагында аудит объекттеринин 2 293 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн иши камтылгандыгын белгилеп кетти.

 

Отчеттук жылда жүргүзүлгөн аудиттердин жүрүшүндө, жалпысынан 2 млрд 523,9 млн сом суммасындагы каржы бузуулары аныкталган. Аныкталган каржы бузууларынын ичинен, 1 млрд 79,6  млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, анын ичинен, 415,3 млн сом калыбына келтирилген.  

 

2019-жылы аныкталган мамлекеттик бюджеттин резервдери жана жоготуулары 27 млрд 715,5 млн сомду түзгөн. Аныкталган жалпы суммадан  1 млрд 44,9 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, бүгүнкү күнгө, 661,8 млн сом калыбына келтирилген.   

 

Ошондой эле, 2 млрд 7,9 млн сом каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу аныкталган. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын жалпы суммасынан 959,2 млн сом калыбына келтирилүүгө тиийш болсо, анын ичинен, 863,1 млн сом калыбына келтирилген.   

Калган айрым ордуна коюула элек суммалар боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик органдардагы жана уюмдардагы каржы бузуулар менен катар, ошондой эле коомдук жана башка уюмдарда (чарбалык) 544,2 млн сомго каржы бузуулары аныкталган. Аныкталган каржы бузууларынын жалпы суммасынан 485,9 млн сом калыбына келтирилүүгө тиийш болсо, бүгүнкү күнгө, алар толугу менен ордуна коюлган.

 

2019-жыл ичинде жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча, Эсептөө палатасынын демилгеси менен, укук коргоо органдарына, мыйзамдуулукка ылайык кароо үчүн, 1,1 млрд сомдон ашык бузуулар боюнча 55 аудиттик материалдар жөнөтүлгөн.

 

Ошону менен бирге эле, отчеттук жылда, укук коргоо органдарынан Эсептөө палатасына аудиттерди дайындоо жөнүндө 170 токтом жана суроо-талаптар келип түшкөн. Алардын ичинен, коюлган маселелерди изилдөөнүн жыйынтыгында, 91 токтомдон жана суроо-талаптардан Эсептөө палатасы тарабынан баш тартылган. Ал эми, калган токтомдор жана суроо-талаптар боюнча аудиттер жүргүзүлгөн.

 

Эсептөө палатасынын 2019-жылдагы иши жөнүндө отчеттун толук тексти менен, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын www.esep.kg расмий сайтынын “Аудитордук иш”/”Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчет” бөлүгүнөн таанышууга мүмкүн.