Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциясында сый акылар негизсиз берилгендиги аудитте аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик  инспекциясында жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүндө бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетту кабыл алды.

Аудиттин жүрүшүндө тартип жазасы алына элек мөөнөттө, бардыгы болуп, 435,7 миң сом акча каражаттар кызматкерлерге сый акы төлөөгө жумшалган.

Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобону бузуу менен, отчет берүүчү адамдар авансылык отчеттуулукту өз убагында беришкен эмес жана 113,0 миң сом суммасында иш сапар чыгымдарын негизсиз эсептен чыгаруу аныкталган.

2017-2018-жылдары “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамды бузуу менен, конкурстук торуктарды жүргүзбөстөн 1 млн. 594,2 миң сомго товарлар жана кызматтар сатып алынган.

Күйүүчү-майлоочу материалдардын аныкталган чектөөсү бузулгандыгына байланыштуу, аудит ошондой эле 131,4 миң сом суммасында күйүүчү майдын ашыкча чыгымын аныктаган.

Аудиттин жыйынтыгы менен Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында, Эсептөө палатасынын жазма буйругу жана сунуштамалары аудит объектисине жөнөтүлдү. Аудиттин материалдары маалымат үчүн, тиешелүү органдарга жиберилди.