Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде аудит жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде бюджеттин аткарылышына жана анын ведомстволук ишканалардын ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетту кабыл алды.

Аудиттин жүрүшүндө унаа кызматтары боюнча негизсиз төлөнгөн иш сапар чыгымдарынын натыйжасында 82,1 миң сом суммасында каржы бузуулары аныкталды.

Бюджеттин кору жана жоготуулары 780,3 миң сомго аныкталды, анын ичинен, Борбордук аппарат боюнча 2018-жылы 68,6 миң сом суммасында 26,8 миң кВт/саатка электр энергиянын лимиттен ашык керектелиши жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине караштуу Мамлекеттик агенттик боюнча депозиттик эсептен республикалык бюджеттин кирешесине 711,7 мин сом которулган эмес.

Мындан тышкары, товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык кору 1 млн. 86,2 миң сом суммасында аныкталды.

Аудиттин жыйынтыгы менен, Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында, Эсептөө палатасынын жазма буйругу жана сунуштамалары аудит объектисине жөнөтүлдү. Аудиттин материалдары маалымат үчүн, тиешелүү органдарга жиберилди.