Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018-жылы КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бюджетинде бир катар бузуулар жана кемчиликтер аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2018-жылга Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жана анын аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кабыл алды.

Аудиттин жыйынтыгы менен, бир катар бузуулар жана кемчиликтер аныкталды. Каржы бузуулардын жалпы суммасы 4,2 млн. сомду түздү, анын ичинен эмгек акыны негизсиз төлөө – 3,5 млн.сом.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды реабилитациялоо борборунда негизги эмгек акынын суммасын эсептөөдө, 2018-жылга эмгек акынын жылдык фондусу 278,9 миң сом суммасындагы ашыкча бир айлык эмгек акы фондусу менен түзүлгөн. Медициналык кызматкерлердин квалификациялык категориялары үчүн үстөк акыны төлөөгө чыгымдардын керектелген суммасын эсептөөдө, 517,8 миң сом кошумча каралган.

Министрликтин кээ бир мекемелеринде (Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи Май райондорунун социалдык өнүгүү башкармалыктарында, Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунда) мыйзамдарды бузуу менен, зыяндуулук (компьютерде иштөө) үчүн эмгек акыга үстөк акы 1 млн. 665,4 миң сом суммасында негизсиз эсептелген.

КР Өкмөтүнүн тиешелүү чечими жок болгондугуна карабастан, Борбордук аппараттын кызматкерлерине 3 млн. 570,0 миң сом, Жалал-Абад шаарынын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы 152,6 миң сом, Чүй район аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы 472,5 миң сом суммасында эмгек акы фондусу боюнча жыл ичинде чогултулган үнөмдөөнүн эсебинен сый акылар төлөнгөн.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары - 5 млн. 685,4 мин сом. 

Рационалдуу эмес колдонулган каражаттар бардыгы болуп, 11 млн. 244,6 миң сомго аныкталган.

Республикалык бюджеттин каражаттарынан мурда берилген насыялар боюнча 67 млн. 656,9 миң сом суммасында “Ишкер” микрокредиттик агенттиктин карызынын калдыктарын төлөө боюнча натыйжалуу иш-аракеттер көрүлгөн эмес.

Кадамжай психикалык-неврологиялык стационардык социалдык мекемеде ижарачыларга бюджетке төлөнүп берилчү жер салыгынын суммасын келишимде көрсөтпөстөн, 3 жеке жактарга жалпы аянты 34 га көмөкчү чарба жерлерди 260,0 миң сом суммасында ижарага берилген. Ошону менен бирге, мыйзамдарды бузуу менен, жер участогунун ижара төлөмү бюджеттин кирешесине которулбай калган.

КР Эсептөө палатасынын аудитинин натыйжасында аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында, Эсептөө палатасынын жазма буйругу жана сунуштамалары аудит объектисине жөнөтүлдү. Аудиттин материалдары маалымат үчүн, тиешелүү органдарга жиберилди.