Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Кыргызпатенттин ишине шайкештик аудитин жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2016-2018-жылга  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кабыл алды.

Жүргүзүлгөн иштин натыйжасында, аудит Кыргызпатенттин иши бардык маанилүү аспектилеринде мыйзамдардын талаптарына ылайык келгендигин аныктады, бирок республикада мындан ары инновациялык ишти шыктандыруу жана мамлекеттик каражаттарды чыгымдоо тартибин сактоо максатында кошумча чараларды кабыл алуу зарыл.

Патент мыйзамын интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык макулдашууларга шайкеш келтирүү, патент менен берилүүчү коргоо берүүнүн жана коргоо көлөмүн кеңейтүүнун жол-жоболорун жеңилдетүү, пайдалуу моделдердин түшүнүктөрүн кеңейтүү сунушталууда.

Аудит Кыргызпатент жогорку окуу жайларында жана илимий изилдөө институттарында түзүлгөн интеллектуалдык менчик объектилерин жайылтууга көмөктөшүү үчүн өз укуктарын жана ыйгарым укуктарын  толугу менен колдонбой келүүдө деп белгилейт. 2017-2018-жылдарга бул багытка берилген акча каражаттар толугу менен колдонулбай калган.

Мындан тышкары, мыйзамда каралган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик инновациялык фондусун түзүү боюнча чаралар каралган эмес.

Товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден тышкары коруна жана эсептердеги каражаттардын калдыктарынын ашырылышына, ошондой эле лимиттен тышкары авто унааны кароого чыгымдарга жол берилген.

Аудиттин жыйынтыгы менен Эсептөө палатасы тарабынан Кыргызпатенттин ишин жакшыртуу боюнча, ошондой эле аудиттин жүрүшүндө келтирилген бузуулар жана жетишпестиктерди жоюу боюнча сунуштамалар берилди. Аудиттин жыйынтыктары тиешелүү органдарга жиберилди.