Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы “Жалалабат электр” ААКсынын ишине аудит жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2018-жылга  “Жалалабат электр” Ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кабыл алды.

Аудиттин материалдарында, тармакка келип түшкөн электр энергиясынын жалпы техникалык жоготуулары 12,7 %ды же, 208,5 млн. кВт/саатты түзгөн, бул болсо, жалпы 261,5 млн. сомду түзгөн. Жалпы жоготуулар белгиленген деңгээлден 1,7%га же 24,4 млн. кВт/саатка ашкан, 2017-жылга салыштырмалуу жоготуу 0,4 %га азайган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  18.02.2013-жылдагы №83 “Мамлекет тарабынан жөнгө салынган чарба жүргүзүүчү субъекттердин  товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааны (тарифтерди) белгилөө тартиби жөнүндө” Жобону бузуу менен, компания тарабынан  371,0 миң сом демөөрчүлүк жардам көрсөтүү боюнча  чыгымдар, негизсиз түрдө чыгымдар курамына киргизилген.

Мындан тышкары, аудиттин жүрүшүндө «Жалалабат электр» ААКсынын балансында МАР-2 насыясы менен алынган 1 млн. 955,6 миң сом суммасындагы, өтүмсүз материалдар катары электр эсептегичтердин бар экендиги аныкталды. Ошондой эле, 2011-жылдан бери “Чукул жардам көрсөтүү” долбоору боюнча  алынган, 24,9 млн. сом суммасындагы колдонулбаган электр материалдары, деталдар жана түйүндөр баланска киргизилген.

КР Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттин натыйжасында аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында, Эсептөө палатасынын жазма буйругу жана сунуштамалары аудит объектисине жөнөтүлдү. Ошондой эле, продукциянын наркына кире турган чыгымдардын курамын түзүүдө, укуктук актылардын талаптарын сактоо боюнча милдеттерди караштырган кызматтык функциялардын аткарылбагандыгы үчүн, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо сунушу берилди.

Аудиттин материалдары маалымат үчүн, тиешелүү органдарга жиберилди.